Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Бишкекте майрамдык веложарыш өттү


Жеңиш майрамынын 70 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында бүгүн веложарыш өттү. Ага шаар тургундары, спортчулар, спорттун ардагерлери, шаар тургундары болуп миңге чукул адам катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык спорт комитетинин кызматкери, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Николай Дядичкин билдирди.

Веложарыштын маршруту Аалы Токомбаев көчөсүнөн башталып, Тынчтык, Чүй проспектиси менен жүрүп, эске аянтта жыйынтыкталды. Соңунда веложарыштын катышуучуларына арналган концерт уюштурулуп, согуштун катышуучулары, оорукта жана тылда эмгектенгендерге белектер тапшырылды.

Жыл сайын өткөрүлүүчү, салтка айланган бул иш-чараны Бишкек мэриясы жана шаардык спорт комитети уюштурган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG