Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Сариев Бишкек жолдорунун оңдолбой жатышын сындады


Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү.
Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсү.

Жаңы шайланган премьер-министр Темир Сариев бүгүн Бишкекти жана Чүйдү кыдырды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Сариев 2017-жылга чейин кытай грантынын эсебинен салынчу ири магистралдык жолдорду бүтүрүүнү пландоодо. Баш калаанын жолдорунун абалы менен таанышкан өкмөт башчы сапатын жакшыртуу, жол куруу менен жыртык-тешиктерди жамоо ишин катар алып баруу талабын койду. Анын белгилешинче, 10-майдан тартып жолдор боюнча ири долбоорлор башталат.

- Эл эки-үч жылдан бери жолдун оңдолушун чыдамсыздык менен күтүүдө. Бул багытта нааразылык айтылууда. Андыктан кыска убакыт ичинде абалды оңдошубуз керек. Шаар баш калаа деген макамга дал келиши зарыл. Өкмөт жана мэрия бул маселени колго алып, көзөмөлдөсүн, - деди ал.

Тиешелүү орган жетекчилери менен бул маселени чогулуп талкуулоо зарылдыгын белгилеген премьер-министр мындан кийин жумасына бир жолу шаарды кыдырып, жолдордун абалына байкоо салып турмай болду. Шаарды Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов, анын орун басары Бакыт Дүйшөмбиев, тиешелүү орган өкүлдөрү чогуу кыдырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG