Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:16

Жаштар бийликке кайрылуу жолдошту


"Апрель ыңкылабы жаштар коомдо негизги күч экенин көрсөттү"

"Апрель ыңкылабы жаштар коомдо негизги күч экенин көрсөттү"

Мамлекет башчыга, премьер-министрге, спикерге жана парламент депутаттарына жолдонгон кайрылууда эгемендик жылдары Кыргызстанда жаштар үчүн эки программа кабыл алынып, бирок ишке ашпаганы белгиленген. Кайрылуу ээлери Кыргызстандагы март жана апрель ыңкылаптары жаштар коомдогу негизги күч экенин көрсөткөнүн белгилеп, бирок ошол эле учурда кайсы бир күчтөрдүн куралына айланып кетүүсү ыктымалдыгын да айтып кетишкен. “Жаштарды пайдаланып, бирок бийликке келген күчтөр бат эле алар тууралуу унутуп калышат” деп айтылат кайрылууда. Алар ошондой эле бийликтен алдыдагы он жыл үчүн жаштарды өнүктүрүү концепциясын түзүүнү сунушташкан жана азыркы тапта Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан иштелип жаткан концепциянын долбооруна канааттанбагандыктарын билдиришкен.

Кайрылуу ээлери жаңы жаштар концепциясын түзүп, ага жаңыча мамиле кылууну, ишке ашыруу үчүн жаштардын өзүн тартуу керек деп эсептешет.

Кайрылууга Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, саясий партиялардын жаш канаттарынын лидерлери кол коюшкан.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Кыргызстандын калкынын 32% жаштар түзөт.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG