Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Чүйдө ири өлчөмдө арак аткезчилиги аныкталды


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Чүй жана Талас облусундагы кызматкерлери 19 440 бөтөлкө аракты мыйзамсыз ташып бараткан жаранды кармады. Аталган мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, анын 19 008ине жасалма акциздик марка чапталган.

Аракты жергиликтүү тургун жүк ташуучу машинесине салып бараткан учурда өткөн жумада колго түшкөнү кабарланды. Анын үстүнөн кылмыш иш козголуп, мыйзамсыз жүктүн мамлекетке келтирген зыяны такталып жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG