Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:16

Атамбаев: Тынчтыктын баасы эбегейсиз кымбат


Тынчтыктын баасы эбегейсиз кымбат экенин унутпашыбыз керек. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бишкекте мектеп окуучуларынын майрамдык парадын кабыл алып жатып айтты.

- Биз мындан 70 жыл мурда Жеңиш кандай азап-тозок менен келгенин эстен чыгарууга акыбыз жок. Улуу Ата Мекендик согуштун жоокерлери кыялданган тынчтык, эмгек, адилеттүүлүк туурасында унутпашыбыз керек, - деди мамлекет башчы.

Алмазбек Атамбаев ошондой эле кыргыз мамлекети тышкы жана ички душмандардын кыянат иштеринен ыдырап жок болуу абалына далай кириптер болгонуна карабастан дүйнөдөгү ордун жоготпой, көз карандысыз бойдон сакталып келатканын баса белгиледи.

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында өткөн окуучулардын парады Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык расмий иш-чаралардын башталышы болуп калды. Ага 6 миң улан-кыз катышты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG