Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

“Кыргызалтын” Жерүй сынагынын жыйынтыгы боюнча сотко кайрылат


“Кыргызалтын” ишканасы Жерүй кенин иштетүү боюнча сынактын жыйынтыгына макул эмес жана бул боюнча сотко кайрылат. Бул тууралуу мекеменин вице-президенти Сагынбек Абдырахманов комиссия сынактын натыйжасын жарыялаган учурда билдирди.

Абдырахманов комиссия чет элдик компанияны жеңүүчү деп жарыялаганын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш катары сыпаттады.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинде бүгүн Жерүй кенин иштетүү боюнча сынак жыйынтыкталып, Орусиянын “Восток-геолдобыча” компаниясы жеңүүчү деп табылган. Сынакка аталган компанияга атаандаш катары “Кыргызалтын” ишканасы катышты.

Агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев “Азаттыкка” билдиргендей, “Восток-геолдобыча” кенди иштетүү, экологиялык талаптарды сактоо жаатында иш-мерчемдерин так көрсөткөн. Эми алдыдагы бир айда 100 миллион долларды төлөп, эки жыл аралыгында кенди иштетүүнү башташы керек.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG