Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Кыргызстан келерки кышта да электрди импорттоого мажбур болот


Кыргызстан келерки кышта да кошуналардан электр энергиясын сатып алууга мажбур болот. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Коргоо кеңешинин чечиминде айтылат. Электрдин жетишсиздиги 2,15 млрд кВт саат болот деп болжолдонууда.

Өткөн аптада Коргоо кеңеши өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту талкуулаган болчу. Анда өкмөттүн энергетика тармагындагы жасап жаткан иши канааттандырарлык эмес деп табылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG