Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Кытай президенти Орусия, Казакстан, Беларуска барат


Кытай тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Си Цзинпин сапарын 7-майда Казакстандан баштап, андан ары Орусияга нацисттик Германия үстүнөн болгон Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттарга катышуу үчүн барат.

Талдоочулар соңку жылдары Орусия жана Кытай менен катар президенттер Си Цзинпин жана Путиндин жеке мамилелери да өнүккөнүнө көңүл бурууда.

Өткөн аптада Кытай Орусия менен биринчи ирет Жер ортолук деңизинде аскерий машыгууларга катышарын жарыялаган.

Кытай президенти Евразия экономикалык аймагы боюнча сапарын 10-майда Беларуста улантат. (UE)

XS
SM
MD
LG