Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Беларус менен купуя маалыматты коргоо келишими талкууланды


Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Беларус ортосундагы купуя маалыматты биргелешип коргоо боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулап, кабыл алды. Саясий, аскердик, экономикалык, илимий-техникалык тармактардагы купуя маалыматтарды коргоого багытталган бул документти Кыргызстандын атайын кызматы иштеп чыккан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрель окуясынан бери Беларуста баш калкалап келет. Аны мекенине кайтаруудан белорус тарап баш тартууда.

Ал эми быйыл февраль айында Минскте бир катар кылмыштары үчүн эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Алмамбет Анапияев киши колдуу болгон. Бул кылмыш азырынча ачыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG