Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

КТРК "Ала-Тоо 24" жаңылык каналын ачат


КТРК энтамгасы
КТРК энтамгасы

Коомдук телерадиокорпорация быйыл "Ала-Тоо 24" деп аталган күн-түн (сутка) бою иштөөчү жаңылыктар каналын ачканы жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде маалымат берип жатып КТРКнын башкы деректири Илим Карыпбеков билдирди.

Анын айтымында, тынымсыз эфир үчүн техникалык жабдуу да, адамдар да жетиштүү, бирок ретрансляция үчүн кошумча каражат талап кылынат.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Т.Чоротегин Орусиянын "Биринчи каналы" үчүн Кыргызстан Орусия тарапка акча төлөп жатышын парламенттик комитеттин отурумунда сынга алды. "Азаттык", "Би-Би-Си", Кытай каналы КТРКга акча төлөп, КТРКнын жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына төп келген берүүлөрдү обого чыгарууда, ал эми бир тараптуу маалымат берген Орусиянын "Биринчи каналынын" берүүлөрү менен акча төлөбөй туруп эле кыргызстандыктар сателлит, интернет аркылуу эркин тааныша алышат" деди ал. Парламенттик комитеттин төрагасы, депутат К.Осмоналиев бул пикирди кубаттады.

Өз кезегинде депутаттар КТРКны калыс маалымат каражаты катары чыңдоо керектигин айтышты.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Т. Жаманбаева абоненттик төлөмдү киргизип, КТРКнын өкмөттөн каржылык көз каранды эместигин калыптандырууга чакырды.

КТРКнын жылдык баяндамасынын долбоорун парламенттик комитет негизинен жактырды. Эми, бугу (май) айында КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы А.Сатаров КТРК ишмердиги тууралуу жылдык баяндаманы Жогорку Кеңештин жалпы отурумундагы талкууга алып чыгат.

КТРК республиканын бардык аймактарында көрсөтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG