Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Энергетика министрлигине бир ай ичинде план иштеп чыгуу тапшырылды


Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чечимине бүгүн кол койду. Өкмөттүн бул жаатта жүргүзгөн иши канааттандырарлык эмес деп табылды.

Энергетика министрлигине бир ай ичинде тармакты башкаруунун бирдиктүү системасын түзүү, энергетика секторун этап-этабы менен реформалоо программасын иштеп чыгуу тапшырылды. Коргоо кеңешине тармактагы жемкорлукка каршы жүрүп жаткан иштерди анализдөө милдети жүктөлдү. Ошондой эле өкмөткө бир катар сунуштар берилип, тармакты алдыга жылдыруу милдеттендирилди.

Коргоо кеңешинин электр тармагын талдаган жыйыны 28-апрелде өткөн.

Былтыртан тарта Кыргызстанда кайрадан энергетикалык каатчылык сезиле баштаган. Күн жылыганы менен Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү азайып, "кызыл чекке" жакындап турат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG