Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

АКШда Мухаммед пайгамбардын карикатурасы боюнча сынакта ок атылды


Окуя АКШнын Даллас шаарынын чет жакасында болду. Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынактын жыйынтыгына арналган көргөзмө өтүп жаткан сүрөт борборунда белгисиз адамдар ок ачып, полиция менен атышууда эки киши өлдү. Сакчылардын бири жаракат алды.

Сынакты “Эркиндикти коргоонун америкалык демилгеси" деген уюм өткөрүп, баш байгесине 10 миң доллар сайган.

Батышта Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын тартылып, жарыяланышы буга дейре айрым мусулман өлкөлөрүндө нааразылыктарды, ал эми радикалдардын коркутууларын жараткан эле.

Быйыл январда Парижде “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын редакциясына кол салынган. Анда он эки адамды мерт кылгандар муну журнал пайгамбардын карикатураларын жарыялаганы үчүн өч алуу катары сыпатташкан. (UE)

XS
SM
MD
LG