Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Тогуз-Торо акиминин үстүнөн жергиликтүү тургун президентке арызданды


Жергиликтүү тургун президент Алмазбек Атамбаевге жана ички иштер министри Мелис Турганбаевге жазган арызында Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов айланасына туугандарын топтоп, маанилүү маселелерди өз пайдасына чечип жатканы тууралуу айтылат. Билдирүүгө ылайык, райондун аймагындагы депутаттардын экөө акимдин бир тууганы, төртөө күйөө балдары, дагы 6-7 депутат тууган-туушкандары. Андан сырткары, ал эки жылда эки кабат үй салып, байып жатканы жазылган.

Арыздануучу буга чейин облустук бийликке, өкмөткө кайрылганын, бирок майнап чыкпаганын билдирип, акимдин ишин териштирүүнү суранган.

Аким Тилек Идирисов депутаттар арасында бир туугандары жана башка жакындары бар экенин “Азаттыкка” тастыктады. Бирок аларды пайдаланып өз пайдасына эч кандай иш жасаган эместигин билдирди:

- Буга чейин өкмөт менен обладминистрациядан келип ишимди текшерип кетишти. Эч кандай кемчилик табылган жок. Арыз жазган адам комиссия менен жолугушууга келбей койду,- дейт Идирисов. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG