Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:59

Издөөдөгү жаран чек арадан кармалды


Ички иштер министрлиги тарабынан издөөгө алынган 31 жаштагы жаран кыргыз-казак чек арасында колго түштү. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, аны 3-май күнү эртең менен “Акжол” өткөрүү пунктунан Казакстанга өтүп бараткан учурда чек арачылар кармаган. Колго түшүрүү учурунда шектүү чек ара бекетинин терезесин сындырып, айнектин сыныгы менен өзүнө жаракат келтирген.

Кармалган жаран ошол эле күнү ИИМге өткөрүлүп берилди. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG