Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:35

Мамкаттоо: Биометрикалык маалыматтар көчүрмөсү партияларга берилген эмес


Жарандардын биометрикалык маалыматтарынын көчүрмөсү эч кайсы партияга берилген эмес. Ар бир жарандын өздүк маалыматы атайын программалар менен коргоого алынган. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат борборунун өкүлү Чынара Усупбаева “Азаттыкка” билдирди.

Мурдараак укук коргоочу Токтайым Үмөталиева биометрикалык маалыматтардын көчүрмөлөрү айрым партияларга берилип жатканын, бул атайын мониторингдин негизинде аныкталганын кабарлаган болчу.

Каттоо кызматы билдиргендей, маалыматтардын сакталышына жергиликтүү бийлик, техникалык жабдыктардын корголушуна ИИМ жооп берет. Топтолгон маалыматтар жүктөлгөн флеш карталар атайын байланыш кызматынын жардамы менен борборго жеткирилет. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG