Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Тажикстанда “Жамаат Ансарулланын” мүчөсү деп шектелген он адам кесилди


Тажикстандын Жогорку соту бүгүн маалымдагандай, Согди облустук сотунун өкүмү менен алардын ар бири 8,5 жылдан кесилди.

Исфара районунун 30-38 жаш курактагы тургундары Тажикстанда тыюу салынган уюмга Орусияда эмгек мигранты катары жүргөндө кошулган деген шек менен быйыл январда камалган.

"Жамаат Ансарулланын” мүчөсү деп шектелгендер Согди облусунда буга чейин да соттолушкан. Быйыл февралда эле узак мөөнөттүү түрмө жазасы 13 адамга берилген эле.

Тажик бийликтери “Жамаат Ансаруллага” мурдагы талаа командири, 1992-97 –жылдардагы жарандык согуш аяктагандан кийин алгач Ооганстанга, андан кийин Пакистанга ооп кеткен Амриддин Таббаров жетекчилик кылат деп боолгошот.

Азыр да “Өзбекстан ислам кыймылынын” бир канаты катары саналган бул топтун, тажик бийликтеринин эсебинде, 2011-жылы Рашт өрөөнүндө жок кылынган согушкерлерге байланышы бар. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG