Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

УКМК: Сымапка байланыштуу иш териштирилүүдө


Өткөн аптада кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандары тарабынан сымап соодалоо аракети Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан териштирилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген УКМК маалымат катчысы Рахат Сулайманов эгер ал иштин курамында кылмыш бар экени ачыкталса, кылмыш иши козголорун кошумчалады.

30-апрелде Баткендин Кара-Бак аймагында тажик тарап эки кыргызстандыкты кармап, ичкери алып кирип кеткен. Ошол эле учурда окуя болгон жерден жети тажикстандыкты кыргыз чек арачылары кармаган болчу. 2-май күнү Кыргызстан менен Тажикстан эки тарапта кармалып турган жарандарын алмашып алган. Маалымат боюнча “кыргызстандык жарандар тажиктерге сатмакчы болгон” делген сымап да кайтарылып берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG