Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Жол коопсуздугу боюнча глобалдык жумалык Кыргызстанда да өтүүдө


Бириккен Улуттар Уюмунун Жол коопсуздугу боюнча кезектеги глобалдык жумалыгы Кыргызстанда да өтүп жатат. Анын алкагында “Жол коопсуздугу” бейөкмөт уюму 4-10-май күндөрү жолоочулардын коопсуздугун сактоо боюнча иш-чараларды уюштурууда. Ошондой эле Жол кайгуул кызматы да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда жыл сайын жол кырсыгынан каза тапкандардын саны өсүүдө. Анын ичинде мерт кеткен балдар да арбын. Былтыр өлкө боюнча балдар катышкан 1455 жол кырсыгы катталып, 112 бала жашоо менен кош айтышкан.

Жалпысынан бир жылда өлкөдө 7 миңдей жол кырсыгы расмий катталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG