Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

Жеңиш-70: Кыргызстандын сейрек кездешкен экспонаттары Москвада


Учурда Москвадагы Улуу Ата Мекендик согуштун тарых музейинде өтүп жаткан көргөзмөдө Кыргызстандан алынып барылган сейрек кездешүүчү экспонаттар – түп нуска документтер, каттар, орден, медалдар да бар. Аларды көргөзмөгө Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейи алып барган.

Музей жетекчиси Анаркүл Исраилованын айтымында, Москвадагы музейге Кыргызстандан 134 экспонат коюлду. Ар бир буюмду кыскача баяндама коштойт.

Исраилованын белгилешинче, Кыргызстандын атынан коюлган көргөзмөнү уюштуруучулар жогору баалап, өкүлдөргө атайын ыраазылык кат тапшырылды.

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өтүп жаткан көргөзмө мурдагы 15 союздук республиканын катышуусунда ачылды. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG