Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Өзбекстанда мыйзамсыз жашап жүргөн 53 кыргызстандык чыгарылды


Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат булактары күч органдарынын апрель айынын соңунда жарыялаган билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Апрелде Өзбекстандын Фергана облусунда милиция паспорт көзөмөлдөө боюнча рейд уюштуруп, мыйзамсыз жашап жүргөн 53 кыргызстандыкты аныктаган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп, алардын баары мамлекеттен чыгарылган. Ушундай текшерүү Анжиян жана Наманган облустарында жүргүзүлөрү айтылууда.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, 2010-жылдагы июнь калабасы учурунда Өзбекстанга качып өткөн кыргызстандыктардын айрымдары мекенине кайра келген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG