Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:16

Мелис Мырзакматовдун бир тууганы камалды


Ошто Мелис Мырзакматовдун бир тууганы Кеңеш Мырзакматов көз боёмочулук кылды деген шек менен эки айга камалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кеңеш Мырзакматов менен кошо алдамчылыкка шектелген дагы төрт кишиге кылмыш иши козголгон, алардын бири издөөдө.

Милициянын маалыматына ылайык, алар көп кабат үйлөрдөн батир алып беребиз деп бир нече кишиден акча алган. Бул боюнча он чакты киши арыз жазып, жалпысынан 132 миң доллар жана 1 миллион сомдон ашуун акчага алданганын билдиришкен.

Мелис Мырзакматов Ош шаарында мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууда жемкорлукка барган деген шек менен азыр эл аралык издөөдө жүрөт.

Ал өзүнө козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет.(SE\ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG