Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

АКШдагы мусулмандар уюму Далластагы чабуулду айыптады


Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынак өтүп жаткан борбор

Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынак өтүп жаткан борбор

АКШдагы мусулмандардын кызыкчылыгын коргогон “Америка-ислам мамилеси боюнча кеңеш” деп аталган ири коомдук уюм Далластагы Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынак өтүп жаткан борборго жасалган чабуулду айыптады.

Уюм тараткан билдирүүдө “карикатурага караганда зомбулук исламга көбүрөөк шек келтирет” деп жазылган. Кеңештин жетекчилери америкалык мусулмандар коому сөз эркиндигин колдоорун белгилешти.

Кол салгандарды БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун да дүйшөмбүдө жасаган билдирүүсүндө сынга алды. Ал диний көз караштарды тынчтык жолу менен гана коргоо мүмкүн экенин белгиледи.

Жекшембиде куралчан эки адам сынак өтүп жаткан Curtis Culwell Center көргөзмө борборун көздөй ок чыгарышкан. Кол салгандар ошол эле жерден тартип коргоо органдары менен атышуудан мерт кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттары полиция өкүлдөрүнө шилтеме берип, кол салгандардын теги аныкталганын, алар Надир Суфи менен Элтон Симпсон аттуу жарандар экенин кабарлашты. Учурда алардын террорчул уюмдар менен байланышы териштирилүүдө.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG