Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Кулябдагы орус аскерий базасы жергиликтүүлөрдү иштен бошотту


201-базадагы орус аскерлери, 2012-жыл
201-базадагы орус аскерлери, 2012-жыл

5-май таңда Тажикстандын Куляб шаарындагы Орусиянын 201-аскерий базасынын 17 жергиликтүү кызматкери жумушунан четтетилди.

Бул тууралуу алардын бири Саид Зувайдов кабарлады. Базада 24 жыл машинист болуп иштеген Зувайдовдун айтымында ал жакта эмгектенген жергиликтүүлөр жети айдан бери айлык маянасын ала элек.

Үч апта мурда бир нече айдан бери айлык ала албай жатканын айткан отуздай адам базанын алдында нааразылык акциясын өткөрүшөн.

Бул боюнча базанын жетекчилиги жана жергиликтүүлөрдү ишке алган «БытСервис-плюс» компаниясы да эч кандай түшүндүрмө берген эмес.

Ар кандай маалыматтар боюнча базада 100гө жакын кулябдык тейлөө тармагында иштешет. Жалпысынан Тажикстандын Куляб, Коргон-Төбө жана Душанбе шаарларында жайгашкан орус аскердик базаларында иштеген тажикстандыктардын саны 200гө жетет. Алардын айлыгы болжол менен 500-1000 сомонини же 80-150 долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG