Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Далластагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” алды


Далластагы Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынак өткөн борбор
Далластагы Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынак өткөн борбор

Жекшембиде Далластагы Мухаммед пайгамбардын карикатурасы боюнча өтүп жаткан борборго жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” радикал тобу алды.

Экстремисттер кол салган эки жаран "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрү болгонун айтып, АКШга каршы жаңы чабуулдар болорун эскертти.

Жекшембиде куралчан эки адам сынак өтүп жаткан Curtis Culwell Center көргөзмө борборун көздөй ок чыгарышкан. Кол салгандар тартип коргоо органдары менен болгон атышуудан набыт кеткен. Кийинчерээк полиция алар Надир Суфи жана Элтон Симпсон аттуу жарандар экенин аныктаган.

АКШ бийликтеринин маалыматына караганда, Симпсон 2006-жылдан бери атайын кызматтардын көзөмөлүндө болгон. Ал 2010-жылы Сомалиге барып, экстремисттерге кошулуп кетейин деп жатканда коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалган. 2011-жылы федералдык агенттерге калп айткан деген айып менен үч жылга шарттуу кесилген.

Ошентсе дагы АКШнын расмий бийликтери Симпсон менен Суфи 3-майда чабуул жасаары аларга маалым болбогонун айтышты.

Ал арада АКШдагы мусулмандардын кызыкчылыгын коргогон “Америка-ислам мамилеси боюнча кеңеш” деп аталган ири коомдук уюм Далластагы Мухаммед пайгамбардын карикатуралары боюнча сынак өтүп жаткан борборго жасалган чабуулду айыптады.

Уюм тараткан билдирүүдө “карикатурага караганда зомбулук исламга көбүрөөк шек келтирет” деп жазылган. Кеңештин жетекчилери америкалык мусулмандар коому сөз эркиндигин колдоорун белгилешти.

XS
SM
MD
LG