Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Бишкекте тогуз коргоол боюнча Борбор Азия кубогу үчүн таймаш өтөт


Эртең, 6-майда Бишкекте тогуз коргоол боюнча Борбор Азия кубогуна арналган эл аралык мелдеш башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурия Султанмуратова билдирди. Мелдештер 12-майга чейин созулат.

Башкы олжо үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын 150гө жакын оюнчусу күрөшөт. Ачык мелдешке чакырылган Өзбекстан жана Монголиянын оюнчулары айрым себептерден улам келе албай калышкан.

Байгелер тогуз коргоолдун классикалык түрү боюнча ойнотулуп, жеңүүчүлөр кыз-келиндер жана эркектер арасында жеке жана командалык эсепте аныкталат.

Кыргызстандагы күчтүү рейтингдик 4 мелдештин бирине кирген “Борбор Азия кубогу” үчүн оюндар 4 жылдан бери Кыргызстандын тогуз коргоол федерациясы тарабынан уюштурулуп келет. Турнирди өткөрүүнү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү борбору колдоого алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG