Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Керри: АКШ Сомали бийлигин колдоону күчөтөт


Мамкатчы Жон Керри Сомалинин президенти жана премьер-министри менен Могадишoдогу аэропортто жолукту.

Мамкатчы Жон Керри Сомалинин президенти жана премьер-министри менен Могадишoдогу аэропортто жолукту.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Сомалиге колдоону күчөтүүнү убада кылды. Бул тууралуу мамкатчы эл аралык коомчулук тааныган Сомалинин президенти Хасан Шейх Мохамуд менен жолукканда билдирди. 5-майда Керри согуш жүрүп Африканын бул өлкөсүнө күтүүсүз барып, баш калаа Могадишодогу аэропортто бир нече саат болду.

Керри Самолинин премьер-министр Омар Али Абдирашид Шармейк менен да жолукту. Мамлекеттик катчы өзү билдиргендей, бул күтүүсүз сапардын башкы максаты "Ал-Каиданын" жергиликтүү бөлүмү "Ал-Шабаабга" каршы жүргүзүп жаткан күрөштө Сомали бийлигине дипломатиялык колдоо көрсөтүү.

“Аш-Шабааб” уюму бир нече жылдан бери борбордук өкмөткө каршы куралдуу согуш жүргүзүп, өлкөдөгү БУУнун гуманитардык миссиясына тоскоол болуп келет. Бул топ Самолинин аймагында жана коңшу мамлекеттерде жасалган бир катар террактар үчүн жоопкерчилик алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG