Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:45

Малайзиялык учактын кыйрашына “Бук-М1” ракетасы себеп болуусу мүмкүн


Учак кыйраган талаадагы жансыз дене

Учак кыйраган талаадагы жансыз дене

Малайзиялык учактын кыйрашы “Бук-М1” комплексинен атылган ракетадан улам болушу ыктымал. Мындай бүтүмдү орусиялык инженерлер чыгарышкан. Алардын бул тууралуу баяндамасын “Новая газета” сайтына жарыялады. Гезит жазгандай баяндама орусиялык “Бук-М1” ракеталык комплексинин түзүүчүлөрү тарабынан жазылып, учактын кыйроосун иликтеп жаткан голландиялык адистерге берилмек. Маалымат жашыруун болсо да, гезит муну ачыкка чыгарууну туура көргөнүн сайтына жазат.

Malaysia Airlines аба компаниясына тиешелүү транспорттук учак бортундагы 298 адамы менен өткөн жылы 17-июлда кыйраган эле, андан бир да киши аман калган эмес. Ал Амстердам - Куала-Лумпур багытында баратып, Донецк облусунун Грабово айылына жакын жерге кулаган.

Украин бийлиги бул окуяга орусиячыл жикчилдерди күнөөлөгөн, Киевдин бекемдешинче, алар Орусиянын ракеталарын колдонушчу. Орусия болсо аймакта Украинанын аскер учактары болушу ыктымал деп билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG