Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Нарында хоккей аянтчасы курулат


Нарын шаарында үстү жабылган хоккей аянтчасынын курулушу башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Хоккей федерациясынын вице-президенти Эльзар Болотбеков билдирди. Анын айтымында, жалпы чыгымы 1 млн. 200 миң доллар сарпталчу бул хоккей аянтчасын жергиликтүү төрт жаран өз моюна алган.

Аянтча курулуучу жер чечилип, кызыл китеби алынган. Май айынын аягы менен курулуш башталмакчы.

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы акыркы убактарда эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетише баштады.(MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG