Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Кыргызстан ЕАЭБге дагы бир кадам жакындады


8-майда Москвада ЕЭБдын кеңешинин мамлекет башчылар деңгээлиндеги жыйыны өтөт
8-майда Москвада ЕЭБдын кеңешинин мамлекет башчылар деңгээлиндеги жыйыны өтөт

Кыргыз өкмөтү Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча протоколдордун долбоорун жактырды.

Премьер-министр Темир Сариев 4-майда өкмөттүн жыйынында аталган уюмга белгиленген мөөнөттө кирүүгө болгон аракет жасаларын айтты. Буга чейин эки негизги маселе боюнча орток пикир табылбай жатканы маалымдалган эле.

Премьер-министр Темир Сариев ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттердин парламенти негизги келишимге кошумча бул протоколдорду карап, макулдугун бериши керектигин белгиледи:

- Ратификациядан кийин биз ЕАЭБнын мүчөсү болобуз жана биримдиктин жоболору иштей баштайт. Ал келишим күчүнө киргенден тарта бажы чек аралары алынат. Анын негизинде жарандардын, товарлардын, капиталдын жана кызматтын эркин жүрүшү башталат. ЕАЭБнын талаптары бар. Биз ошол талаптарга жооп беришибиз керек. Техникалык регламенттерди, коопсуздук сертификаттарын, биздин өлкөдө өндүрүлгөн товарларды тастыктаган кагаздардын баары дайын болушу керек.

Темир Сариев
Темир Сариев

Ал арада маселелер толук чечиле электиги маалым болду. Буга чейин кыргыз өкмөтү эки негизги маселе боюнча орток пикир табыла электигин маалымдаган.

Биринчиси - ветеринардык көзөмөл боюнча. Расмий Бишкек ветеринардык көзөмөлдү өзү жүргүзгөндөн кийин анын үстүнөн кошумча аудит болот деген жобого каршы чыгууда.

Экинчиси - кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн инфраструктуралык долбоорлор боюнча макулдашуусуна байланыштуу. Кыргыз тарап аталган долбоорлордун негизинде келчү товарларга жеңилдик сурап жатат.

Премьер-министр маселени чечүү үчүн мекемелер аралык комиссияга Евразия экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүүнү улантууну тапшырды. Ошондой эле Кыргызстан аталган биримдиктин кеңешинин 8-майдагы өлкө башчылар деңгээлинин жыйынынын алдында, 7-май күнү вице-премьерлердин деңгээлиндеги жыйын өткөрүүнү сунуштап жатат.

Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнү ириде Орусия менен Казакстандагы кыргыз мигранттары чыдамсыздык менен күтүүдө. “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Майрамбек Жапанов аталган биримдикке белгиленген мөөнөттө кирбей калуу мигранттарга түйшүк жаратарын эскертти:

- Миграцияга байланышкан маселелердин баарын 9-майда чечилет деп ошого байлап жатканбыз. Тилекке каршы, белгиленген мөөнөттө кирбей, 10-20 күн, бир ай кечигип, же болбосо күзгө калып калат деген сөздөр айтылууда. Албетте биримдикке кирүүнүн алдында жети өлчөп бир кескен жакшы. Бирок мигранттар үчүн канчалык эрте болсо ошончолук жакшы. Патент системасынын кириши, социалдык ж.б. толгон-токой маселелерибиз 9-майдан кийин чечилет деп күтүп отурушат.

Миграцияга байланыштуу “кара тизме” деген маселе турат. Майрамбек Жапанов "Орусияда “кара тизмеге” кирип калган жүздөгөн кыргыз мигранттарына мунапыс берүү боюнча жеткиликтүү сүйлөшүү жүргүзгөн жок" деп өкмөттү сынга алды:

Кыргыз мигранттары
Кыргыз мигранттары

- Сүйлөшүп эле жатабыз дешет. Бирок биз бул маселеге жооптуу органдарга кайрылганыбызда Орусия ынабай жатат, бул мүмкүн эмес деген жоопту угуп жатабыз. Биз өкмөткө айтканбыз, кайрылуу да жасаганбыз. Кыргызстандын өнүгүшү, келечеги үчүн кызыкчылыкты коргоп, көп нерсени сураштан тартынбоо керек. Орусиянын “жок” деген жообу бул башка маселе. Биз кайрылуубузга тилекке каршы даректүү жооп ала элекпиз.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин “Дордой” өңдүү ири базарлардын иши токтойт деген чочулоо да жок эмес. Аталган базардын ээси, “Эмгек” партиясынын төрагасы Аскар Салымбеков тескерисинче жаңы мүмкүнчүлүк ачылып, соода жанданарын айтууда:

- Биз, ишкерлер батыраaк биримдикке кирип, чек ара ачылсын деп өзүбүз кайрылдык. Анткени “Дордойдо” иштеген соодагерлердин 80 пайызы тышкы рынокко иштейт. Товарлардын 20 пайызы гана ички базарга кетет экен. Биримдикке кирсек, 160 миллиондук базар ачылганы жатпайбы. Бажы төлөмдөрүнө байланышкан маселелерди чечүү боюнча биздин ички рычагдарды пайдалансак болот. Мисалы, ишкерлерге салыкты жеңилдетүү керек. Эгер салык маселесин жеңилдетип берсек, кыйынчылык деле болбойт, каатчылыкка батпайбыз. Биздин ушундай сунуштарыбызды өкмөт азыр карап жатат.

Кыргызстан ошентип Евразия экономикалык биримдиктин босогосунда турат. Коомчулукта аталган биримдиктин пайда-зыяны тууралуу талаш-талкуу токтобой келет.

XS
SM
MD
LG