Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Кеңеш Мырзакматовдун үстүнөн арыздангандар көбөйүүдө


Кеңеш Мырзакматовдун үстүнөн арыздангандардын саны 19га жетти. Бул маалыматты бүгүн "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады.

Кеңеш Мырзакматов Ош окуясында жабыркагандарга үй алып берүүнү убада кылып алдап кетти деп шектелген беш кишинин бири. Алдын ала тергөөдө билингендей, алар жабыркагандарды 132 миң доллар жана 1 миллиондон ашуун сомго зыянга учураткан.

- Кечээ жана бүгүн 9 адам арыз жазды. Буга чейин 10 адам эле. Акыркы тогуз адамдын арызына караганда айыпталуучулар алардын ар биринен 5 миңден 7 миң долларга чейин алган, - деди Сыдыков.

Бул иш боюнча шектүүлөрдүн төртөө, алардын ичинде Кеңеш Мырзакматов азыр камакта, бирөө издөөдө жүрөт.

Милициянын айтымында, кармалгандар чогулган акчанын баарын экс-мэрдин тууганы Кеңеш Мырзакматов алган деп көрсөтмө берип жатат.

Мелис Мырзакматов Ош шаарында мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууда жемкорлукка барган деген шек менен азыр эл аралык издөөдө жүрөт.

Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG