Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Ош ОИИБ: Аравандагы мал уурулук боюнча өзбек тараптан жооп жок болууда


Оштун Араван районунда соңку кезде мал уурулук күчөп, буга коңшу Өзбекстандын жарандары шектелүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, мал уурдагандар өзбекстандыктар экени аныкталган, бул боюнча коңшу тараптын тартип коргоо органдарына кат жөнөтүлгөн, бирок азырынча жооп келе элек.

Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургундары "Азаттыкка" айтып беришкендей, Өзбекстан менен чектеш Төө-Моюн айылында акыркы бир ай ичинде 25 бодо мал уурдалып, анын бири да табылган эмес. Уурулук 9-10 күндө бир кайталанууда.

Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн милициянын атайын даярдыктагы адистери Аравандын чек арага жакын айылдарына жайгаштырылды. (YI)

XS
SM
MD
LG