Президент Алмазбек Атамбаев 7-майда иш сапар менен Москвага жөнөп кетет. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, 8-май күнү кыргыз президенти Евразия экономикалык биримдигинин саммитине катышат. 9-майда Кызыл аянттагы Жеңиш парадында болот. (SE)