Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

ЕАЭБ Кыргызстандын айыл чарба продукциясы боюнча маселени талкуулайт


8-майда Москвада өтө турган Евразия экономикалык биримдигинин кезектеги саммитинде каралуучу маселелердин катарында Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да суроо бар. Бул тууралуу бүгүн президенттик администрациянын эл аралык саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, жыйында уюмдун эл аралык келишимдер алкагында кызматташуу жолдору да талкууланат.

Саммитке президент Алмазбек Атамбаев катышат.

ЕАЭБ уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Орусия да мүчө. Кыргызстан ага былтыр жыл соңунда кошулган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG