Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:20

ӨКМ: Өкмөттүн буйругу толук аткарылбай жатат


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги суу ташкындарын алдын алуу максатында жарандарды арык, канал жана дарыя жээктерин тазалоого чакырат. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, бул боюнча 13-мартта өкмөт башчынын атайын буйругу да чыккан. Ишембиликтерди үзбөй өткөрүп туруу жергиликтүү бийликтерге жүктөлгөн.

Министрлик бул тапшырма жакшы аткарылбай жатканын белгилеп, мындан ары ишембилик өткөрбөгөн аймактар сүрөт жана видео аркылуу коомчулукка жарыяланып турарын кабарлады. Мекеме тазалоо иштерине көңүлкош мамиле кылган район жана шаарларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркыуу көрсөтүп турууну журналисттерден да суранат.

Быйыл жыл башынан бери Жалал-Абал облусунун бир катар аймактарындагы каналдардан суу ташып, айрым айдоо аянттары зыянга учурган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG