Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

АКШ: Сенат Ирандын өзөктүк программасы тууралуу мыйзамды карайт


Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Маккроннел 7-майда Иран менен өзөктүк программа тууралуу келишимди кайра карап чыгуу укугун берүүчү мыйзам долбоору талкууланарын билдирди. Сенат бул мыйзам көпчүлүк добуш менен кабыл алынат деп ишенүүдө.

- Эгер биз финалдык добуш берүүгө чейин кыйынчылыксыз жетип алсак, менимче, көпчүлүктүн добушуна ээ болобуз, -деди Сенаттын эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы, мыйзамдын автору Боб Коркер.

Республикачы сенаторлордун Ирандын өзөктүк программасы боюнча жетишилген келишимге каршы чыгышы бул мыйзамдын жазылуусуна алып келген.

АКШ баштаган алты держава менен Ирандын ортосунда жетишилген келишим боюнча Иран өзөктүк программасын чектейт, ал эми батыш ага коюлган санкцияларды жеңилдетет. Бул чечимге Сенат каршы чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG