Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Новгороддо 1942-жылкы жалпы мүрзө табылды


Из кубарлар 96 десанттын сөөгү жаткан жалпы мүрзөнү табышты. Алар 1942-жылы мартта Демянск операциясынан калган сөөктөр болушу ыктымал экендиги айтылууда. Мүрзө Корнево кыштагынын жанынан табылды. Бул мүрзө Экинчи Дүйнөлүк согуштагы ири жалпы мүрзөлөрүнүн бири. Из кубар отрядынын командири Александр Морзуновдун ТАСС агенттигине билдиргени боюнча, аба десанттарынын 204-жана 1-бригадасынын курман болгон жоокерлерин издөө 20 жылдан бери уланып келе жаткан. Архивдеги маалыматтар боюнча алар фашисттердин тузагына түшүп калган деп айтылат.

Жоокерлердин сөөгү 7-майда Демянск поселогунун мемориалдык көрүстөнүндө кайрадан урматтап жерге берилет.

XS
SM
MD
LG