Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Бүгүнтөн тарта Бишкекте муниципалдык наабайкана иштеп баштайт


Муниципалдык наабайкана Түркиянын колдоосу менен түрк кызматташуу жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан курулган. Буга байланыштуу бүгүн боло турган ачылышка Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган видеоконференция аркылуу катышмакчы. Кыргыз тараптан 1-вице-премьер-минист Тайырбек Сарпашев болот. Ошондой эле Кыргызстандагы түрк элчиси, ишкерлер катышат.

Кыргызстандагы Түркиянын элчилигинен маалымдашкандай, наабайкана саатына 3 миң нан чыгара алат, нан жапкан наабайчылар Стамбулдагы муниципалдык нан заводдон окуп, билим алып келишкен. Муниципалдык наабайканада жабылган нан менен Бишкектеги бала бакчалар, ооруканалар, мектептер жана башка социалдык объекттер камсыз болуп турмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG