Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

УКМК «Бир дүйнө - Кыргызстандан» алган буюмдун айрымдарын кайтарып берди


«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинин кызматкерлери Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйлөрүн тинтүүдө алынган буюмдар өздөрүнө кайтарылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, УКМКнын кызматкерлери алып кеткен беш ноутбук, эки диктофон, флеш-карталар уюмга кайтарылып берилди. Бирок адвокаттык ишмердүүлүгүнө тиешелүү дисктер “кошумча экспертизага жөнөтүлгөн” деген жүйө менен кайра бериле элек.

27-мартта УКМК "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Муну атайын кызмат шек жараткан америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган болчу. 28-мартта Умар Фаруктун кылмышка тиешеси жок экенин сот аныктаган.

Ош облустук соту 30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин укук коргоо уюмуна карата аракеттерин мыйзамсыз деп тапкан. (YI)

XS
SM
MD
LG