Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Жамбылда каза тапкан кыргызстандыктын сөөгүн алып келишти


Жамбылда жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандык Мамасалы Холмурзаевдин сөөгү алынып келинди. Бүгүн таң эрте маркумдун сөөгү Таш-Көмүр шаарына жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Холмурзаев Баткен облусунун Кадам-Жай районунун тургуну болгон. Сөөктү анын туугандары коштоп баратат.

19-апрелде Оштон Орусиянын Екатеринбург шаарына жөнөп бараткан кичи автобус Казакстандын Жамбыл облусунда кырсыкка учураган. Ичиндеги кыргызстандык мигранттардын дээрлик баары каза тапты.

Мерт кеткен 16 адамдын 15инин сөөгү буга чейин алынып келинген.​ (RK)

XS
SM
MD
LG