Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

Жеңиш-70: Чет элдик президенттер Кыргызстанды куттуктады


Жеңиштин 70 жылдык мааракесине байланыштуу башка мамлекеттердин президенттеринен өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин атына куттуктоолор келе баштады. Алгачкы телеграммаларды Азербайжан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жөнөткөнүн президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Алар Атамбаев аркылуу бүт кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуу мындан ары да бекемделе берерин белгилешкен.

Алмазбек Атамбаев Жеңиштин 70 жылдык салтанатына катышуу үчүн бүгүн Москвага учуп кетет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG