Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Өкмөт башчы Ошту кыдырууда


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн бир күндүк иш сапар менен Ошко барды. Өкмөттөн кабарлашкандай, Сариев кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинин иши жана Араван районундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

​Кара-Суу районунда премьер-министр согуш ардагерлери менен жолугуп, Жеңиш майрамына катышат. Андан соң Ош шаарындагы "Түбөлүк отко" барып, көзү өткөн ардагерлердин элесине таазим этип, гүлчамбар коет.

Ошондой эле бүгүн Темир Сариевдин катышуусунда жазгы талаа иштери боюнча селектордук жыйын өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG