Бүгүн, 7-майда байланыш жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул күнү 120 жыл мурда орус физиги Александр Попов радио ойлоп тапканы коомчулукка жарыяланган.
Кыргызстанда радио түйүндөр 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Элдик Комиссарлар Советинин алдында Радиокомитет уюштурулган. Бул дата Кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү болуп эсептелет. (ECh)