Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:35

Мамкаттоо ИИМдин паспорттор тууралуу билдирүүсүн төгүндөдү


Ички иштер министрлиги издөөдө жүргөн жарандар аты-жөнүн өзгөртүп, жаңы паспорт алып жатканы тууралуу тараткан маалымат туура эместигин Мамкаттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, министрлик мурда соттолгон жана издөөдөгү 65 адам тек-жайын алмаштырып жазып жаңы паспорт алганы тууралуу билдирген соң департамент иликтөө жүргүзгөн. Анын негизинде, көбү соттолгонго чейин паспорт алмаштырганы аныкталган.

Ошондой эле Сатыбалдиев соттолгон жаранга аты-жөнүн өзгөртүүгө тыюу салган мыйзам жок экенин кошумчалады.

ИИМ жогорудагыдай маалыматты 6-майда тараткан болчу. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG