Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер 1-июндан тарта киргизилет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, тарифтер орто эсеп менен алганда 20% жогорулайт.
Азыр 1 киловатт/саатына 70 тыйын төлөп жаткандар 84 тыйын төлөйт. 700 киловатт/сааттан ашык пайдалангандар ар бир киловаттына азыр 2 сом 5 тыйын төлөп жатса эми 2 сом 20 тыйындан төлөйт.
Жаңы тарифтер өкмөт бекиткенден кийин күчүнө кирет. (RK)