Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Казакстанда камакка алынган экс-муфтий Кыргызстанга кайтып келди


Рахматулла Эгембердиев
Рахматулла Эгембердиев

Кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча Казакстанда кармалган мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ал өзү билдирди.

Эгембердиев Казакстандын аймагында убактылуу камакка алынганы тууралуу маалымат Түштүк Казакстан облустук сотунун расмий сайтында жарыяланган. Ал кыргыз УКМКсынын өтүнүчүнүн негизинде кармалганы дайын болгон. Ага карата Кыргызстанда “салык төлөөдөн качкан” деген берене боюнча кылмыш иш козголгон.

Экс-муфтий өткөн жылдын башында Интернетте өзүнө байланыштуу чуулуу видеотасма тарап кеткенине байланыштуу өз арызы менен кызматтан кеткен болчу. (SA/RK)

XS
SM
MD
LG