Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Орусиянын кыйраган “Прогресс” кемеси Жерге эртең таңда түшөт


"Прогресс" кемеси Байконурдан учурулуп жаткан кез. 28-апрель, 2015-жыл.
"Прогресс" кемеси Байконурдан учурулуп жаткан кез. 28-апрель, 2015-жыл.

Роскосмос агенттиги бүгүн билдиргендей, Эл аралык космос станциясына жете албай калган кеме Жерге 8-майда таңда түшөрү күтүлүүдө.

Болжол менен бул Москва убактысы боюнча саат 0:45 менен 6:30тун аралыгында болот.

Роскосмос белгилегендей, кеме Жердин тыгыз атмосферасына киргенде эле өрттөнүп кеткендиктен, “Жер кыртышына анын конструкциялык элементтеринин фрагменттери гана түшмөкчү”.

Роскосмос ырастагандай, кеменин кыйроосу көзөмөл астында тургандыктан, анын Жер кыртышына жетүүчү сыныктары кадимки түшүүдөн чоң болбойт.

Өзү “Прогресс” кемелери Эл аралык космос станциясына жүктү жеткирип, кайра Жерге кайтканда бөлүктөргө ажырап кетет.

Бул кеме акыркы ирет Байконурдан 28-апрелде учурулуп, бирок Эл аралык космос станциясына жете албасы ошол эле күнү маалым болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG