Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:43

Тажикстандык мурдагы жихадчы “ИМ” тобун айыптады


Фаррух Шарифов Сириядан көргөн-билгендерин элге айтууда. Душанбе, 7-май, 2015-жыл.
Фаррух Шарифов Сириядан көргөн-билгендерин элге айтууда. Душанбе, 7-май, 2015-жыл.

Ходжент шаарынын 25 жаштагы тургуну Фаррух Шарифов кезинде Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна кошулганына катуу өкүнөрүн бейшембиде эл алдында айтып чыкты.

Душанбедеги Жами сарайында чогулгандар алдында сүйлөгөн учурунда ал Сириядагы уруштар учурунда көргөндөрүн мыкаачылык жана “варварчылык” деп атады.

Шарифовдун айтымында, “Ислам мамлекети” тобу көп адамдардын өмүрүн жалган айыптардын негизинде эч кандай сураксыз, тергөөсүз эле кыйууда.

Шарифов белгилегендей, ал жеке өзү азербайжандык бир нече исламчы динге акарат келтирген, “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшкөн күрддөрдүн аскерлеринин пайдасына чыккынчылык кылды деген айып менен башы алынганына күбө болгон.

Сириядан качып, Түркия аркылуу жакында мекенине кайткан Шарифовду коомчулукка Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода өзү тааныштырып, ал мунапыс алганын билдирди.

Тажик бийликтеринин эсебинде, Ирак менен Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун катарында жүргөн тажикстандыктар саны кеминде 300гө жетет. (UE)

XS
SM
MD
LG