Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Майлз: Тынчтык менен эркиндикке коркунуч азыр да бар


Бүгүн баскынчылыктын жүзү өзгөрдү, тынчтык менен эркиндикке коркунучтар азыр да бар. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ричард Майлз бүгүн Жеңиш күнүнө карата тараткан билдирүүдө айтылат.

Ричард Майлз кыргызстандыктарды Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигине карап түзөлүүгө, өз коңшуларынын чек арасын күчтөп өзгөртүүнү, пикири келишпеген адамдарды кырып жок кылууну каалагандарга каршы турууга чакырды.

Белгилүү болгондой, АКШ жана Европа мамлекеттери Крымды аннексиялап алган жана Украинанын чыгышында жикчилерди колдоп жаткан Орусияны айыптап келет. Орусия бул айыптоо негизсиз экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG