Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Мунапыс мыйзамы талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитети кезектеги мунапыйс мыйзамын талкуулайт. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Аялдарга жана эресеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндөгү мыйзам долбоору буга чейин экинчи окууда кабыл алынган болчу, бүгүн үчүнчү окууда каралат.

Мыйзам кабыл алынып калса 800дөн ашык аял жана өспүрүмдүн жаза мөөнөтү кыскарып, айрымдагы эркиндик алат.

Кыргызстанда 30га жакын абак бар. Алардын биринде кылмыш кылган аялдар кармалат, дагы биринде өспүрүмдөр жазасын өтөйт. (RK)

XS
SM
MD
LG