Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:44

Балбан Магомед Мусаев Азия чемпиондугунда күмүш байге алды


Ушул күндөрү Катардын Доха шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Магомед Мусаев күмүш медал тагынды. "Биргелешкен күрөш дүйнө" уюмунун (UWR) расмий сайтындагы маалыматка таянсак 7-май күнү 97 кг салмакта Магомед Мусаев күч сынашууларын чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде ирандык атаандашы Мохаммед Сохаинди утуп, жарым финалда Түштүк Кореянын өкүлү Жаеганг Кимди да жеңип алган.

Финалда ирандык Мохаммадхоссейн Аскари Мохаммадиан менен таймашты. Бул беттеште Иран балбаны 6:3 эсебинде жеңишке жетип Мусаев экинчи орунду ээлеп күмүш байгенин ээси болду.

Бул күнү эркин күрөштөн эркектер жана кыз-келиндер арасында 5 топтом медал ойнотулду.

70 кг салмакта кыргыз балбаны Эламан Догдурбек уулу 3-орун үчүн монголиялык Гантула Идерхуу менен күрөшүп 12:2 эсебинде чоң айырма менен жеңишке жетип коло байгеге ээ болду. 61 кг салмакта Адилет Маматаев менен 74 кг салмакта Муслим Евлоев 3-орун үчүн беттеште атаандаштарына утулуп коло байгеге ээ болбой калышты. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG